Президент «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын „Атаандаштык жөнүндө“ Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам монополияга каршы жөнгө салууну жакшыртууга багытталган.

«Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын максаты — мамлекеттик ишканаларга артыкчылыктарды берүү жана катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же адамдардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүү аркылуу товардык рыноктордо атаандаштыкты чектөөгө жана рынокту монополдоштурууга жол бербөө болу саналат. Бул ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошот. Ошондой эле атаандаштык жөнүндө мыйзамдарындагы майда бузууларга жол берген чарбакер субъекттерге жаза чараларын колдонууга жол бербөө максатында эскертүүчү институтту киргизүү каралат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.