Президент ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14- мартта, ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту.

Бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү менен бинес-коомчулугунун жолугушуусунда «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө» Кыргызстандын мыйзамынын долбоору тааныштырылып жана талкууланды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул мыйзам долбоору биринчи кезекте «көмүскө» экономиканын үлүшүн кыскартууга, активдердин сакталышын камсыздоого жана алардын ээлерин мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталганын белгиледи.

Өз кезегинде ата мекендик ишкерлер аталган мыйзам долбоорун практикалык ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын жана көз караштарын айтышып, анын өз убагында кабыл алынышын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент башында турган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ата мекендик ишкерлер тиешелүү ниет протоколуна («мырзалар келишими») кол коюшту.

Жолугушууга бизнес чөйрөсү тарабынан айыл чарба, курулуш, туризм жана башка көптөгөн экономикалык ишмердүүлүк тармактарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.