Президент 1 млн кг кумшекер, 500 тонна өсүмдүк майын камдап коюуну тапшырды

Азык-түлүктүн кескин кымбаттап жатканына байланыштуу президент Садыр Жапаров 1 миллион килограмм кумшекердин жана 500 тонна өсүмдүк майынын запасын даярдап коюуну тапшырды.

Бүгүн, 15-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы арзандай турганын билдирди.

Анын айтымында, 1 миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы өлкөдөгү соода түйүндөрүнө таратылып жатат. Кумшекердин бир килограммы 70 сомдон, өсүмдүк майынын бир литри 130 сом деп белгиленди.

“Орусия менен Украинадагы абалдан улам биздин жарандар азык-түлүк коопсуздугуна кабатыр болууда. Акыркы үч күндөгү дүрбөлөң тез эле өлкөгө жайылып кетерин көрсөттү. Дүкөндөрдө кумшекер калбай калды. Биз текшергенде дүңүнөн соода кылгандарда кумшекер бар экен. Болгону дүкөндөргө гана түгөнүп калган. Ушундан улам бир килограмм кумшекер 100 сомго, мүшөгү 5 миң сомго чейин чыккан”, – деди Ажикеев.

Өкмөт Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын кору бар экенин билдирип, элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.