Плансыз дыйканчылыктын кирешеси жок

Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бул жылы дыйканчылыкка 42 миң тоннадан ашуун күйүүчү-майлоочу май керектелерин, бул жаатта көйгөй жаралбай турганын маалымдады. Бирок дыйкандар маселе урук, күйүүчү май же жер семирткичтерди алууда эмес, кандай түшүм өндүрсө экспорт, ага улай киреше мол болорун билбей жатканын айтышууда.

Беш ай талаалап жүрүп алган түшүмүн арзан наркта сатуу – Кыргызстандагы бардык дыйкандын көйгөйү. Фермерлер жашылча, жер-жемиштерин өз алдынча чет жакка экспорттой алышпайт. Ага товардын сапатын тастыктаган сертификат зарыл болот. Андыктан түшүмүн өлкө ичинде сатып гана отуруп калышат. Жылына кайталанган мындай көйгөйдөн тажагандар бийлик бир багытты көрсөтүп, маселенин чечилишине көмөктөшсө деген пикирде.

Аравандык фермер Канат Эгембердиев дыйканчылыкты февралдын аягында эле баштайт. Жайдын этеги, күзгө чейин анын бардык убактысы талаада өтөт. Ал киреше-чыгашаны  алдын ала эсептеп,  өз алдынча божомол жасайт.  Бирок түшүмдү сатууда Кыргызстандан чыгалбай, арзыбаган тыйынды колуна алып олтуруп калат.  Анткени ал түшүмүн чет жакка чыгара албай калат же жашылчанын ошол түрүн ар бир экинчи дыйкан эгип алган болот.

“Биз эгин эгүүдө үй-бүлөбүз же кошуналар болуп эле сүйлөшүп алабыз. Мисалы, өткөн жылы картошка арзан болсо, быйыл кымбат сатылат деп баарыбыз ошону эгебиз. Бирок мындай пландоо фермерлердин баарында болгондуктан, ал жылы баасы арзан болуп калат. Ошондуктан Айыл чарба министрлиги жалпы фермерлерге багыт берип, бир жылы буудайды, кийинкисинде башка айыл чарба продукциясын экспорттойбуз, ошол түшүмдү көбүрөөк өндүргүлө деген нукка буруш керек”,-дейт Эгембердиев.

Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн регионалдык бөлүмүнүн адистери болсо Кыргызстанда жерлердин 75 пайызы жеке менчик болгондуктан, дыйкандар каалаган эгинди эгишет дешет. Орусия менен Казакстандан Кыргызстандын жашылча-жемиштерин сатып алуу боюнча кат келет, бирок дыйкандар бизге кайрылбагандыктан, экспорттолбой калып кетет.

“Райондордо да айыл чарба департаменти бар. Дыйкандар жылына кайсы түшүм чет жакка экспорт болорун ошол жактан да сурашса болот. Бизге болсо маалымат алганы келишпейт. Эгер кайрылышса, өндүрүмдүн кайсы түрү экспорт болоорун так айтпасак да, экспорттоонун жолдорун түшүндүрүп беребиз”,-деп белгиледи өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси Раимберди Мөнөкбаев.

Деген менен дыйкан 30-40 сотых жериндеги түшүмүн өз алдынча кошуна мамлекеттерге алып чыга албайт. Ага кеткен жолдогу чыгым эле бардык кирешесин алып койот. Ошондой эле товардын сапатын тастыктаган сертификат да болуусу зарыл. Мындан улам дыйкандар  түшүмдү  Кыргызстандын ичинде гана сатуу менен чектелип калышат.

Адистердин айтымында, маселени чечүү үчүн дыйкандардын баарын бириктирип бир адам же жеке ишкерлер иш алып барышы жыйынтыктуу болот. Азыркы учурда көйгөйдүн алдын алган саналуу гана ишкерлер топтору бар. Алардын бири Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын вице-президенти Руслан Алыбаевдын айтымында, экспорттоону кеңири жолго коюу үчүн дагы үч жыл убакыт керек. Бирок бул жолку демилгени мамлекет эмес, ишкерлер ассоциациясы көтөрүп, жакынкы мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

“Биз дыйкандарга көмөктөшүү максатында жакынкы өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. 2016-жылы сыноо максатында 40-50 тонна сабиз экспорттодук. Быйыл күзүндө Индия менен Казакстанга этти чыгарууну пландап жатабыз. Товардын сапатын тастыктаган документти алуу үчүн Казакстан менен келишимдер жүргүзүлүп жатат. Анан алып жаткан өлкө дагы көмөктөшөт. Ошондой эле Кызыл-Кыядан кызылчаны чет жакка чыгарабыз”,-деп белгиледи Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын вице-президенти Руслан Алыбаев.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында Кыргызстан өткөн жылы 500 тоннадан ашуун айыл чарба продукциясын биримдикке мүчө мамлекеттерге экспорттогон. Бирок бул сан дыйкандардын баарынын түшүмү экспорт болду дегенди түшүндүрбөйт.

Айыр чарба министрлигинин маалыматында бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине 1 млрд 241 млн сом насыя берилди. Жер айдоого жалпы 258 даана техника болсо, 35 трактор, 20 комбайн жана 103 автоунаа бар. Быйыл буудай  аянты 14 пайызга, кант кызылчачы – 44, картошка  -10, жер-жемиш 19 пайызга көп эгилери пландалууда. Кайсы айыл чарба азыгы канча көлөмдө экспорт болору жыл жыйынтыгы менен гана белгилүү болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.