Памир кыргыздарына канткенде жардам бере алабыз?

16-кылымдан тарта Памирде жашап жаткан кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү көйгөйү чечилбей келет. 2016-жылдын декабрь айында эки өлкө ортосунда “Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздардын өз ара маселесин чечүү боюнча кызматташтык жөнүндө” мемарандумга кол коюлган. Ага чейин Ооганстан бийлиги кыргыздарды тарыхый мекенине кайтарып, окутууга уруксат бербей келген.

Кол коюлган документке ылайык, быйылкы жылы памирлик 10 түтүн Нарын облусуна көчүрүлүп отурукташмак. Бирок алардын чет өлкөгө чыгуучу паспортторунун жоктугунан бул маселе кечеңдеп жатат.

Улуу жана кичи Памирде мурда 4 миңге жакын кыргыздар жашап келишкени айтылат. Бирок катаал шарттан улам учурда 1500 миңге чукул жаран калган.

“Ынтымактын” “Чарпалек” прграммасы памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү маселесин көтөрдү.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.