Пакистанда аялдарга кислота чачып кордошсо, Индияда ымыркай кыздарды өлтүрүшөт

Замандын алмашышы менен коомдо тең укуктуулук орноп, аялзатын басмырлап, четке каккандар жок сыяктанат. Бирок кээ бир өлкөлөрдө кыз-келиндер үчүн жашоо кооптуу, жыл сайын алсыз аялдарга болгон зордук-зомбулук күч алып барат.

1.Колумбия.

Калктын алсыз катмарын кордогон өлкөлөрдүн сап башында- Колумбия турат. Бул жерде аялзатын кордоп, жүзүнө кислота чачкандарды санап бүтүүгө мүмкүн эмес. Эң өкүнүчтүүсү, алсыздарга кордук көрсөткөн зөөкүрлөр дээрлик жазага тартылбай келет. 2015-жылдын ичинде эле бул өлкөдө 45 миң зордук-зомбулук катталган.

2.Афганистан.

Афганистанда болсо алдардын 87%ы сабатсыз жана 70-80% кыздар 15-19 жашында турмушка чыгып, үй-бүлө күтүүгө мажбур. Ошондой эле бул жерде үй-бүлолүк зордук-зомбулук өтө күч алган. 10 000 эненин  400дөйү төрөт учурунда каза болушат.

3.Индия.

Бул өлкөдө болсо тобу менен жүргөн зөөкүрлөр тарабынан зордукталган аяялдар көп. Андан тышкары үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганы, жаңы төрөлгөн ымыркай кыздарды өлтүрүшкөн мыкаачылар дал ушул өлкөдө. Статистикага таянганда, акыркы 30 жылдын ичинде 50 миллиондой кыз ымыркайлар өлтүрүлгөн

4.Конго

Конгодо күнүнө 1150 кыз зордукталып олтуруп, кордук көргөн кыздардын саны бир жылда 420 миңге жетет. Бул өлкөдө медицинанын өнүгүшү өтө төмөн деңгээлде болгондуктан, 57% кош бойлуу аялдар аз кандуулук менен жабыркашат.

5.Сомали.

Бул жерде болсо эч кандай мыйзам жана тартип деген жок болгондуктан, кыз-келиндер азап тартышат. Аялдарды кордоо, энелердин өлүмү, жаш кезинен турмушка берүү жана кыздарды сүннөткө олтургузуу күнүгө эле болуп келген, кадимки көрүнүш болуп саналат.

6.Пакистан.

Пакистандагы жүрөктү ооруткан аялдардагы негизги маселе- кыздарды эрте жашында эле зордоп күйөөгө берүү, кислота чачып кебетесин бузуу жана таш бараңга алып өлтүрүү. Жыл сайын 1000 деген аялдар “куру намыстын” курманы болушса, 90%ы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылат.

7.Бразилия.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ар 15 мүнөт сайын кыз-келиндер зордукка кабылып, 2 саатта бирден аял канкорлорго курман өлкө- Бразилия.

Аялдарга боюнан алдырууга тыюу салынган. Анткени бул кылмыш кодексин бузгандык болуп эсептелип, мыйзам боюнча боюнан алдырган аял 3 жыл абакта олтурат.

8.Египет.

Египетте болсо эс алуу үчүн барган аялдарга дагы сексуалдык жактан кордук көрсөтүлүшү толук мүмкүн. Тартип сакчылары аялдардан келген арыздарды жөн эле жокко чыгарып коюшат.

9.Мексика.

2011-2012-жылдары бул өлкөдө 4000ге жакын кыз-келиндер жоголгон. Бул өлкөнүн милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк жана коомдук зордук-зомбулукка кабылган аялдарды коргоого албайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.