Пакистан: куру дооматтан 1 студент каза болду

Пакистанда кудайды шылдыңдады деген доомат менен 1 студент өлтүрүлдү. Аны окуу жайда чогулган кишилер тобу ур-токмокко алышкан.

Дагы бир шериги оор абалда ооруканада жатканы аныкталды. Абдулла Вали Хан атындагы университетинин мугалими, каза болгон студенттин аты Машаль Хан экенин айтып, ага окуу жайда көпчүлүк жакшы мамиле кылышчу эмес деп билдирди. Айрым маалымат булактарында, студент атып өлтүрүлдү деп айтылса, кээ бирлери ур токмокко алынган деп жазышууда.

Окуя боюнча полиция кызматы, иликтөөнүн жүрүшүндө, каза болгон студенттин өздүк маалыматынан эч кандай диний бурмалоого байланышкан маселе табылбаганын айтты. Бирок студентке кол салган кишилер, ал соцтармактарда кудайды мазактаган постторду жазып жүргөнүн айтышууда. Белгилей кетсек, Пакистанда дин жаатында адамдарды мыйзамдан сырткары өз алдынча жазалаган көрүнүштөр көп эле катталып келет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.