Пайдалуу кеңеш: тишке кантип кам көрүү керек?

Жагымдуу жылмаюууга көрк кошкон тиш эмесби. Берметтей жаркырап турган тишибизди көпчүлүк адамдар тиш дарыгерлерине кайрылып, тишин жылмакай жана апакай кылууга атайын каражат жумшайт. Бирок, тиш дарыгерлер мындай аракет тиштердин эмалына зыян экенин айтып келишет.

Эгер сиз ден-соолугуңузга зыян келтирбей тиштериңизди агарткыңыз келсе, анда төмөндөгү элдик ыкмаларды сунуштайбыз.

Эң жөнөкөй ыкмалардын бири – кадимки күнүмдүк жашоодо колдонулган  тамак-аш содасы. Тиш щёткасын суулап, бир аз өлчөмдө сода салып, тишти жакшылап ышкалайсыз. Бирок, бул процесс көп убакытка созулбоосу кажет. Даамы жагымсыздык жаратат десеңиз, анда соода менен тиш пастасын же лимон ширесин кошуп колдонсоңуз да болот. Бул ыкманы жумасына бир жолу колдонуп туруу жетиштүү.

Андан сырткары мөмө-жемиштер да тишиңизди агартууга эң жакшы көмөкчү болот. Мындай ыкманы сунуштаган адистер көп. Мисалы баарыбыз сүйүп жеген кулпунай өзүнүн ширелүүлүгү менен тамшандырып гана калбастан, пайдалуу дагы. Тиштерди агартууда кулпунай боткосун даярдап аны тишиңизге сүртөсүз жана 2-3 мүнөт турган соң, ооз көңдөйүңүздү чайкап коюнун өзү жетиштүү.

Тишти агартууда чай дарагынын майы да жардамга келет. Эң алгач бир тамчы менен, андан соң эки, үч тамчы майды щеткага тамчылатып, үч мүнөтчө тишти жууш керек. Май тишти агартып эле койбостон, антисептик болгондуктан микробторду да жок кылат. Мындан бөлөк ооздогу жыттардан да арылтат. Бул ыкманы жумасына эки, үч ирет пайдалануу жетиштүү.

Элдик медицинанын жардамы менен бир гана тишиңизди агартып тим болбостон ооз көңдөйүндөгү зыяндуу микробдордон арылууга да мүмкүнчүлүк алаарыңыз шексиз. Кардай аппак тиштер менен жылдыздуу жылмайып, көркүңүзгө көрк кошуңуз!

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.