Ошто 80ге жакын жаштар үч тилди акысыз үйрөнүп жатышат. Алар англис, орус жана түрк тилдерин эки ай бою өздөштүрөт.

Жаштар үчүн мындай мүмкүнчүлүктү Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети түзүп берген. Окутууларды окуу борборлорунун ичинен тандалып алынган “Максимум Прогресс” жүргүзүп жатат.

“Окутуучуулар – чет өлкөдө окуп келген тажрыйбалуу адистер. Учурда жалпы 10 го жакын мугалим иш алып барууда. Окуу аптасына беш күн, 1,5 жаарым саатан өтүлөт. Курстарга  бир гана Ош шаарынын жаштары эле эмес, Баткен, Жалал-Абад облустарынан жана кошуна Өзбекстандан келип окуган студенттер катышып жатат. Негизги талаптардын бири – алар 14-28 жашта болушу шарт”, – дейт Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин өкүлү Мелис Обозов.

Азыр биринчи агымда окуп жаткан 80дей студент миң талапкердин арасынан тандалып алынган. Алар май айынын аягында сертификаттарга ээ болушат. Экинчи этап жайкы каникулдан кийин башталары күтүлүүдө.

“Жаштарды акысыз окутуу” деп аталган бул долбоорду Жаштар иштери боюнча комитети демилгелеп, аны ишке ашыруу жергиликтүү казынадан каржыланды.

Жаштар уюму түзүлгөндөн бери эле студенттерге акысыз тил үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруп келет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.