Оштун спортчулары эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты

Орусиянын Тула шаарында 1-2-апрель күндөрү дзюдо боюнча жаштар арасында Европанын кубогу өттү. Ага Ош шаарынан катышкан Кубаныч Айбек уулу 3-орунду багындырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. 

Дзюдо боюнча Европа кубогуна  20дан ашуун өлкөнүн спортчулары катышкан.

Спорттун  ушул эле түрү боюнча Казакстандын ачык республикалык турнинрде Бексултан Султанов 3-орунду ээледи. Бул мелдеш 27-30-мартта Казакстандын Талдыкорган шаарында “Нооруз” майрамынын урматына уюштурулган.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.