Оштун Осмонов көчөсүнүн экинчи тарабындагы курулуштар алынууда. Фото

Ош шаарындагы Кулатов кичи районунун Осмонов көчөсүнүн экинчи тарабындагы (чыгыш тарабы) курулуштарды да алып салуу иштери жүрүүдө. Анткени көп кабаттуу үйлөрдүн асты башаламан соода жайга айланбай, көрктөндүрүлөт.

Буга чейин аллея курулуучу жайдагы курулуштар алынып салынган. Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүрүп, жарыктандырылат. Атайын адамдар басуучу жолдор курулмакчы.

“Ошэлектро” ААКнын, электр тармактар ишканасынын жана архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын кайрылууларында Осмонов көчөсүнүн чыгыш тарабы жогорку чыңалуудагы электр өткөргүчүнүн астында болуп, курулуштарды алып салуу боюнча айтылган.

Бүгүнкү күндө 31 даана контейнер алынып салынды. Ал жайда жалпы 82 даана ар түрдүү курулмалар, 650 метр тосмо, 3 автоунаа жуучу жай, бир банк алынып салынат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.