Оштун окуучулары Тайландда өткөн Эл аралык олимпиададан байгелүү кайтышты

Ош шаарынын Курманжан Датка атындагы Ош лицейинин окуучулары Тайландда өткөн Эл аралык  математика предмети боюнча олимпиадага катышып, байгелүү кайтышты. Жыйырмадай мамлекет катышкан мелдеште командалык эсеп менен Кыргызстан 4-орунду багындырды.

Тайланд королдугунун борбору Бангкок шаарында өткөн Эл аралык математика боюнча  олимпиадага Оштон 10 окуучу катышып, алардын баары байгелүү кайтышты. Алардан 8-класс окуучусу Айдана Эркинбек кызы күмүш медаль тагынса, 10-класстын окуучусу Аида Осмонова, 6-класс Исламбек Дөөлөтов коло медалдарга ээ болушту. Андан сырткары Диана Абдазова, Барчынай Артыкова, Зулайхо Сабиржанова жана Саид Ахмад Усман, Аяна Абдилашимова, Аман Исаков, Саид Рахимовдор Ардак грамотага ээ болуп, Эл аралык аренада өлкө намысын татыктуу коргоп келишти.

“Эл аралык мелдешке Кыргызстандын желегин желбиреткен баардык окуучуларыбызга, алардын мугалимдерине жана ата-энелерине терең ыраазычылык билдиребиз”,-деди Курманжан Датка Ош лицейинин мүдүрү Хасан Кучук

Белгилей кетчү нерсе, буга чейин окуучулардын командасы Ош шаарында биринчи орунду алышкан болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.