Оштун борбордук стадиону оңдоодон өтөт

Ош шаарындагы борбордук А. Сүйүнбаев атындагы стадион оңдоп түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов  аппараттык жыйынында билдирди.

Ош -Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө шаардын вице-мэри Нурбек Кадыров маалымат берди.

“ Апрелден декабрга чейин Ош шаарында жалпысынан 25 иш чара пландалган. Анын ичинен 22 эл аралык, 1 республикалык, 2 жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар”,-деди Н.Кадыров.

Шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору наамына ээ болушу Ош шаары эле эмес, Кыргызстан үчүн чоң сыймык экендигигин билдирди.

“ Ачылыш аземин шаардагы А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо өткөрүү пландалып, ага миңдеген адамдар катышат. Учурда Өкмөт, шаардык мэрия демөөрчүлөр менен бирлегикте стадионду оңдоп түзөө иштерин баштадык. Быйыл Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору алкагында Ош шаарына чет өлкөлөрдөн миңдеген туристтер, республиканын бүт аймактарынан коноктор келет”, -деди шар мэри.

Эске салсак, быйыл Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.