Оштун Ак-Жар айыл аймагынын көчөлөрү жарыктандырылды

Оштун Өзгөн районундагы Ак-Жар айыл аймагында көчөлөрдү жарыктандыруу маселеси чечилди.

Ак-Жар айыл аймагынын башчысы Кылычбек Максутовдун билдиришинче, жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан көчөлөрдү жарыктандыруу көп жылдан бери чечилбей келген. Натыйжада айыл тургундары тарабынан 15 активдүү жарандан турган демилгелүү топ түзүлүп, маселени чечүүгө түрткү болду.

“Демилгелүү топ алгач 300гө жакын үй-бүлөдөн аймактагы көйгөйлөр боюнча сурамжылоо жүргүзүшкөн. Басымдуусу көчөлөрдү жарыктандыруу негизги маселелердин бири экендигин айтышкан. Анын негизинде жарыктандыруу демилгесин ишке ашыруу боюнча жергиликтүү эл жана депутаттар менен жолугушууларды уюштурушту. Жыйынтыгында элдин жана USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун каржылык колдоосу менен биздин айыл аймак толугу менен жарыктандырылып калды”, – деди  Кылычбек Максутов.

Жарыктандырууга жергиликтүү тургундар 491 400 сом, ишкерлер 190 000 сом чогултуп беришкен. USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору 994 649 сомго керектүү материалдарды алып берди.

Ак-Жар айыл аймагында 4 айыл бар. Анда 2 221 адам жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.