Оштуктар эми мобилдик тиркеме аркылуу бийликке кайрыла алат

“OshCity” деп аталган мобилдик тиркеме App Store менен Play Marketте кыргыз жана орус тилинде жеткиликтүү. Ал аркылуу шаардыктар каалаган маселелери боюнча мэрияга жана 25 мунициаплдык мекемеге кайрыла алышат.

Тиркеминин бет ачары бүгүн, 13-апрелде калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, мекемелердин жетекчилери, долбоорду ишке ашырып жаткандарды бири Youth of Osh” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.

Шаар мэри жарандардын онлайн кайрылууларын кабыл алуу үчүн мобилдик тиркеме республикада алгачкылардан болуп Ош шаарында ишке берилгендигин белгиледи.
“2016-жылдын февраль айынан бери Ош шаарынын мэриясы “Youth of Osh” коомдук бирикмеси менен биргеликте жарандардын кайрылууларын кабыл алуу үчүн “Онлайн” картасын (www.map.oshcity.kg) ишке киргизгенбиз. Кыргызстанда алгачкылардан болуп пилоттук негизде 13 ишкана киргизилип, бир жыл ичинде  онлайн  аркылуу 250гө жакын кайрылуулар кабыл алынган. Шаардыктар ар кандай маселелер боюнча кайрылуулары ыкчам жана сапаттуу каралып, өз убагында тиешелүү жооптордун берилишине өбөлгө түздү. Ошондон улам бул долбоорго быйылкы жылдын башында кошумча 12 мамлекеттик жана муниципалдык органдарды кошууга жетиштик. Жыйынтыгында бүгүнкү күндө баардыгы болуп 25 багытта кызмат көрсөтүлүп жатат”, – деди мэр.

Эми тиркеме да ишке киргенин айткан Кадырбаев бул инструменттин артыктчылыктарын санап өттү.

“Ар бир жаран тигил же бул маселе боюнча өз оюн, пикирин, сунушун мурдагыдай компьютер аркылуу гана эмес, эми мобилдик телефону аркылуу тиешелүү кызматтарга жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Өз кезегинде мындай мүмкүнчүлүк мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердигин жакшыртууга жана жоопкерчилигин жогорулатууга негиз түзөт”,- деди Кадырбаев.

Мобилдик тиркеме аркылуу шаар тургундары мэрияга жана 25 муниципалдык кызматка кайрылуусуна мүмкүндүк берет. Бул тиркеме сүрөттөрдү жүктөөгө, башкалардын кайрылууларын жана мэриянын жаңылыктарын окууга мүмкүндүк берет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.