Оштогу жазгы чуркоо мелдешине 200 адам катышууда

Ош шаарында чуркоо боюнча мелдеш өтүп жатат. Спорттук иш чарага 200 адам катышууда. Алар 18 жаштан жогоркулар. Мелдеш борбордук стадионунда уштурулууда.

Программага ылайык аялдар менен эркектерге өзүнчө аралык каралган. Башталгычтары 200 метрден баштап, андан ары улана берет.

“Чуркоо мелдешин 4-апрелде баштаганбыз. Шаардагы мекеме ишканалардын кызматкерлери, студенттер катышып, өз аракеттерин сынап жатышат. Иш чаранын максаты сергек жашоого үндөө жана алдыда өтүүчү мелдештерге мыктыларды тандоо”,-деди шаардык спорт жана дене тарбия комитетинин адиси Фарух Сыдыков.

Мелдешке шаар тургундарынан сырткары облустардан келгендер да катышса болот. Чектөө коюлган эмес. Иш чара бүгүн, 5-апрелде жыйынтыкталып,  мыктылар сыйланат.

Мындай мелдеш шаардык спорт жана дене тарбия комитети тарабынан ар жылы өткөрүлүп келет.

сүрөт: vb.kg

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.