Оштогу студенттер гендердик теңдүүлүк боюнча окуудан өтүп жатышат

Оштогу окуу жайдын студенттерине гендердик саясат  боюнча окутуулар башталды. Кечээ, 22-май күнү ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттерине ушул темада семинар өтүлдү.

Анда коомчулукта аялдардын укугун коргоо, гендердик тең салмактулуктун сакталышы боюнча талкуу жүрдү.

Гендердик теңдүүлүк боюнча темадагы окутууну  “Ынтымак” Media Group уюштуруп, Интерньюс коомдук уюму каржылаган.

Семинарды биринчи жана экинчи курстун студенттерине өтүп жатабыз. Себеби, алар шаарга жаңы келген, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албашы мүмкүн. Ошондуктан студенттердин өз укуктарын билүүсүнө шарт түзүп берүү максатында окууларды жүргүзүп жатабыз”, – дейтЫнтымак” Media Groupтун пиар адиси Алибек Ажибеков.

Эми ушундай эле семинар башка университеттердеги студенттерге да өтүлөт. Окутуу 4 күнгө уланаары пландалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.