Оштогу Шакиров көчөсү кеңейтилет. Фото

 12-март күнү  Ош шаарындагы Шакиров (Гагарин) көчөсүн реконструкциялоо иштерин жүргүзүү боюнча техникалык кеңешме болуп өттү. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган көчө толугу менен асфальтталып, кеңейтиле турганын билдирди.

Маалыматка ылайык, жетекчилерге жолдун курулушу алдынан түтүкчөлөр алмаштырылышы керектиги боюнча тапшырма берип, асфальттоо иштери сапаттуу болушу керектигин эскертилди.

Көчөнүн түнкү жарыктандыруусу да жакшыртылат. Иш башталганга чейин жол четиндеги мыйзамсыз курулуштар алынат. Жолдун курулуш иштери быйыл бүтүрүлүп, пайдаланууга берилмекчи.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.