Оштогу мал союучу жайлар шаардын сыртына көчүрүлөт

Анткени азыркы цехтер экологиялык жана санитардык талаптарга жооп бербейт. Мындан сырткары алар турак-жайларга жакын жайгашып, жугуштуу оорулардын таркашына себеп болуу коркунучу бар.

Шаардагы мал союучу жайлардын баары Шарк айыл өкмөтүнүн Калинин аймагындагы эски эт комбинатына көчүрүлөт. Даярдалып жаткан жерде жумуштардын көбү аяктап калды. Атайын эттерди тартуучу таразалар, ветеринардык дарыгерлердин бөлмөлөрү даярдалып бүткөн. Малдын баары союлуп, эттин сапатуулугу дароо аныкталат. Алдыда эт сактоочу муздаткычтар орнотулат.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматынын башчысы Кумарбек Исаковдун айтымында, эт комбинатынын ишке киришин  ЕАЭБге мүчө өлкөлөр дагы колдоп жатат. Себеби алар сапаттуу эт азыктарын дүңүнөн алып турганга жол ачылат. Алдыда жергиликтүү бийлик кайсы күнү көчүрөрүн макулдашышат.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык кызматы жаңы эт комбинатынын алкагында атайын сүт, жумуртка сатуучу жайларды ачуу керектигин билдирүүдө. Бул боюнча сунушту шаардык мэрияга жиберишти.

Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын Ош шаардык бөлүмүнүн башчысы Асан Мамыраимовдун айтымында, калаадагы 7 мал союучу жайдын абалы жакшы эмес. 19-апрелде цехтерди дагы бир ирет текшерүүдөн өткөрүштү. Бирок абал жакшы деп бааланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.