Ошто жолдордогу чуңкурларды жамоо иштери жүрүүдө

Быйыл жалпысынан Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан 27 миң м² чуңкурлар жамала тургандыгы пландалууда.

Жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында алгачкы ирет Ош шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери муниципалдык жаңы техникалардын жардамы менен жүргүзүлүп жатат.

“Башкармалыкка жаңы техникалар сатылып алынып, жумушчу орундар да түзүлгөн. Быйыл асфальтты гана тендер аркылуу сатып алуудабыз. Шаардын жолдорундагы чуңкурларды жамоо иштери апрель айында башталган. Учурда борбордук көчөлөрдүн бири Масалиев көчөсүндө иш жүрүп жатат”,- деди А.Жунусов.

Жалпысынан шаарда 578 чакырым жол бар, анын ичинен 513 км жолдор башкармалыгына караштуу, 57 чакырымы транспрот министрлигине жана 8 км Кара-Суу районунун карамагына карайт.

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.