Ошто жер титиреди

10-февраль күнү саат 14:44тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Силкинүү Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Сары-Могол, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Талды-Суу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Кичи-Каракол айылдарында 3 балл, Сопу-Коргон, Жергетал, Көлдүк, Чий-Талаа айылдарында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Чоң-Каракол айылында 3 балл, Кара-Кабак, Кара-Кыр, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожокелен  айылында 3 балл, Араван районунун Кичи-Алай жана Чөгөн айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.