
Бүгүн, 17-ноябрь күнү саат 04:34тө Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен. Ош облусунун Ноокат районунун Сөгөт, Будайлык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
- 17.11.2021