
Ош облусунун Араван, Өзгөн райондорунда жазгы талаа иштери карантиндик талаптарды сактоо менен жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн аталган облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаев облустун экономикалык, азык- түлүк жетишпестигин алдын алуу үчүн дыйканчылык иштерин токтотпой жүргүзүү тапшырмасын койгон.
Азык-түлүк жетиштүү. Элибизди толугу менен камсыз кылабыз жана мурдагыдай эле кошуна Казакстан, Орусияга экспорттойбуз”, – деди облус башчысы.
Өзгөн районунунда дыйкандар үчүн Чүй облусунан алынып келинген буудай, жүгөрү, арпа үрөндөрү “Тамеки” айыл чарба кооперативинде, “Алтын-Дан”, “Ак-Эмгек” үрөнчүлүк чарбаларында жана “Аталык” акционердик коомунда сатылып жатат.
Ал эми Араван районунда дыйкандар биринчи түшүмдү алууга жетишишти.
Баткенде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жадам көрсөтүлүүдө
- 30.03.2020