
22-апрелде, Ошто жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болот. Ага Ош шаарындагы мекеме ишканалардын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышат.
Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашат.
Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланышат.
Иш чаранын максаты спортту калк арасында жайылтуу, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет. Мелдеш 21-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында 8:30да башталат.
- 20.04.2017