Ошто жаш ойлоп табуучулар заводдордун макетин жасашты

Ош шаарында өткөн “Биз  XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз-2018” эл аралык сынагынын облустук этабында райондордон келген жүздөн ашык окуучу техника-заводдордун, шаар конструкциясынын үлгүлөрүн көрсөтүштү. Аны менен катар буюм-тайымдардын, аппараттарын да колдонууга алып келишкен. Жасалган үлгүлөр тибине карап 7 багытка бөлүнгөн.

Нефти чыгаруучу заводдун макетин 8-класстын окуучусу Эрбий Аматов жасаган. Ал Кыргызстанда ушул тармак өнүкпөй келе жатканын, ошонун негизинде бул заводдун улгусун жасаганын айтат. Эгер ишке ашса өлкөнүн казынасына пайдасы чоң.

-“Завод курууга 40 миллион доллар кетет. Кызматкерлердин айлыгы 3 жарым милион болот. Биз күнүнө жуз тоннадан  алсак, күндө 6 миллиондон ашык киреше табабыз”-дейт  Алай районундагы № 73 орто мектебинин окуучусу Эрбий Аматов.

Тимур Улан уулу  Кара-Кулжа районунун Чалма айылынан келди. Классташы Санжар экөө таштандыны кайра иштетүүчү заводдун үлгүсү менен кошо шамалдын жардамында электр энергиясы алуу аркылуу күрүч актоочу акжубаздын макетин жасашкан.

Ал эми Маликов Мухаммед жүгөрү укалоочу аппарат жасап келген. Аны жасаш үчүн 4660 сом короткон. Жабдык саатына 300 килограмм жугору чыгарат. Бир киллосунан  2 сомдон алып, саатына 600 сом пайда тапкан. Ошол эле учурда аппаратты айылдаштарына 8 миң сомдон  сатканга да үлгүргөн.

Иш-чараны Ош облустук балдардын чыгармачылык борбору Ош технологиялык университети менен биргеликте уюштурушкан. Анда бардардын чыгармачылын өнүктүрүү максатталып, быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. Жалпысынан жүзгө жакын катышуучу келген. Адистердин айтымдарында макеттердин көпчүлүгү биздин заманда зарыл болгон үлгүлөр экендиги кубандырат.

“Биз  XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз-2018” эл аралык сынагынын облустук этабынан жеңип чыккан 7 окуучу  республикалык жарышка жолдомо алышат. Республикадан алдыга чыккандар эл аралык мелдешке катышса болот.  Эл аралык сынак ушул жылдын май айында Ош шаарында өткөрүү пландалган.

Видео: Кымбатбек Абдисамат уулу

Сүрөт: Заир Абдукеримов

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.