Ошто жасалма акча жасагандар кармалды. Фото

Ош облусунун  Алай районунда жасалма акча жасап жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош ОИИБ басма сөз кызмат кабарлады.

Маалыматка ылайык,  8-март күнү Алай РИИБдин кызматкерлери жасалма акча менен Алай районунун Чий-Талаа айылынын дукөндөрүндө соода кылып жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары 1997-жылы туулган Т уулу Б., 1997-жылы туулган К уулу М., жана 1996-жылы туулган З уулу А., аттуу жарандарды кармашкан. Аталаган жарандар, Чий-Талаа айылынын тургуну 1979-жылы туулган К.К., аттуу жарандын дүкөнүнө барышып 50 сомдук «Кока-Кола» суусундук, 20 сомдук семичке сатып алышып 2000 миң сомдук бир купюра беришип сатуучудан алар 1930 сом кайтарым акча алышкан.

Ошондой эле ыкма менен Алай районун аймагында беш дүкөнгө кирип, жалпысынан 10 миң сомдук жасалма акча берип кайтарым акчаларын чыныгы накталаай акчага айландырышкан.

Бул факт Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 225-берененин (акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми далил катары алынган 2000 миң сомдук купюрага соттук-техника-криминалистикалык экспертиза дайындалып, 2000 миң сомдук купюра жасалма экендиги далилденген. Жасалма акча шектүүлөрдүн биринин үйүндө жасалгандыгы аныкталган. Жасалма акча жасаган техника алынып, далил буюм катары кылмыш ишине тиркелген.

Бул кылмышка шектүүлөр Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыктары бар же жок экендигин аныктоо максатында ыкчам-иш чаралары жүргүзүлүп жатат. Тергөө амалдары улантылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.