Ошто жарандар паспорт алуу үчүн 2 күн кезек күтүп жатышат. Видео

Ош шаарындагы калкты тейлөө борборунда  жарандар паспорт  алуу үчүн күндөп кезек күтүп жатышат. Ал гана эмес кезеги жеткенде мекеменин иш убактысы бүтүп кийинки күнгө калып, паспорт ала албай жүргөндөрдүн саны көп.

Эки күн мурун кезекке турган Санталат Азимбаева бүгүн да кезеги келбей калуусу мүмкүн экенин айтып кейиди.

“Мен небереме паспорт алып берүү үчүн келдим. Эки күндөн бери кезегим жетпей убарамын. Паспорт берүүчү борбордун санын көбөйтсө мындай  күтүүлөр азаймак”,-деди ал.

Ал эми аталган мекеме жетекчилиги кезек күтүүлөргө байланыштуу нааразычылыктар болуп жатканын ырастап, чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

“Чындыгында ушул көйгөй курч болуп жатат.  Анткени  бизге паспорт алуу үчүн бир гана Ош шаарынын тургундары эмес облустан да кайрылышат. Ошол себептүү кезек күтүүлөр жаралып жатат”,-деди Ош шаарындагы жарандарды тейлөө борборунун жетекчиси Алмазбек Көчөнов.

Ал кошумчалагандай, июль айында Манас-Ата кичирайонуна дагы бир калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.