
Ош шаарындагы велосипед менен жүрүүчү жол ушул жылдын орто ченинде пайдаланууга берилет. Мындай маалыматты Ош шаардык муниципалдык башкармалыгынан билдиришти. Веложолдун узундугу 2 миң 600 метр, туурасы 7 метр болсо, ага бюджеттен 87 млн сом бөлүнүп, тендердик наркы 45 млн сомду түзөт.
Анын толук курулушу Сай-Бою көчөсүнөн Навои паркына чейин жүргүзүлөт. Кышында токтоп турган курулуш иштери эми жанданат. Ал эми шаар бийлиги мындай веложолдорду калаанын бардык кичи райондоруна курулат деп убадалоодо.
- 07.03.2017