
Бүгүн, 15-апрелде Ош шаарында веложарыш өткөрүлдү. Ал Ош мэриясы, шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган.
Массалык иш-чарага Ош шаарынын тургундары, коноктору, жаш активисттер жана студенттер катышышты.
Веложүрүш 6 чакырымга созулду. Коопсуздук эрежелери сакталып, патрулдук милициясы жана тез жардам кызматы иш-чара старт алгандан баштап, маарага чейин көзөмөлдөп келишти.
Иш чаранын негизги максаты – Ош шаарынын тургундарын сергек жашоого үндөө жана алардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу.
“Веложүрүшкө жаштардан сырткары жергилктүү бийлик өкүлдөрү катышышты.
Жыйынтыгында концерттик программа, заманбап кызыктуу оюндар жана вело-трюк менен коштолду. Катышуучулар “Мегаком” уюлдук компаниясынын кызыктуу белектерине ээ болушту.
- 15.04.2017