Ошто турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн жаңыланган борбор ачылды

Ош ОИИБнин алдындагы өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борбору оңдоп-түзөө иштеринен кийин кайрадан ачылды. Эми мындагы кызмат көрсөтүүлөр жаңы деңгээлге чыгат, – деп билдиришти ЮНИСЕФтен.

Оңдоо иштеринин алкагында жылуулук, суу жана электр менен жабдуу системалары калыбына келтирилип, ошондой эле эмеректер жана IT-жабдуулары жеткирилди. Бул үчүн жалпысынан 50 миң АКШ доллары сарпталган.

Жаңыланган борбордун ачылыш аземине Европа Биримдигинин делегациясын ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала жетектеп келди. Салтанатка ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольмс катышты.

“Өспүрүмдөр үчүн борбор өзгөчө аялуу балдарга керектүү жана кесипкөй колдоо кызматтарын көрсөтөт. Кыргызстандын түштүгүнөн келген эмгек мигранттарынын үлүшү жогору болгонуна карабастан, Евробиримдик мигранттардын балдарын коргоону камсыз кылууга умтулат”, – деди Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Терхи Хакала.

Бул борбор ата-энесинин камкордугунан ажыраган же жоголгон деп табылган балдарга колдоо көрсөтөт. Борбор жашы жете электерге турмуштук оор кырдаалда психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп, балдардын укуктарын коргоп, алардын ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылат. 2021-жылы милиция борборго 337 өспүрүмдү алып келген.

“Борбордо жумуш табуу максатында кошуна өлкөлөрдүн чек арасынан өтүп кеткен, Кыргызстанга кайтарылган балдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн коопсуз жай бар. Алардын басымдуу бөлүгү лөлүлөрдүн жамаатынан, жоголуп кеткен жана ата-энесинин кароосуз жүргөн балдар. Борбор балдарга ыңгайлуу мейкиндик болуп саналат, мында баланын өзгөчө муктаждыктарын жана жашын, жынысын, этностук таандыктыгын жана динин эске алуу менен баланын таламдарына өзгөчө көңүл бурулат. Бул борбор балдар камкор жана жагымдуу чөйрөдө өсүшү үчүн, катаал мамиледен жана зомбулуктан коргоону камсыз кылуу үчүн адекваттуу чечимдерди табуу максатын көздөйт”, – деди Кристин Жольмс, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү.

Миграциядан жапа чеккен жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды коргоо кызматтарын бекемдөө боюнча иштерди ЮНИСЕФ “Түштүк-Чыгыш, Түштүк жана Борбор Азияда миграциянын кесепетинен жабыркаган балдарды коргоо” долбоорунун алкагында жүргүзүүдө. Аталган долбоорду Европа Биримдиги каржылайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.