Ош: 100 миң адамга ыңгайлашкан сууну беш эсе көп адам ичип жатат. Маселенин чечүү жолун табышты

Ош шаарында таза суу менен камсыздоо 100 миң кишиге ыңгайлашса, азыр калаада ички мигранттарды кошкондо жарым миллиондон ашык адам жашайт. Мындан улам таза суу тартыштыгы күч алууда. Буга кошо тартыш сууну айрым шаардыктар сугат ишине же унаа тазалоо сыяктуу максатсыз пайдаланганы көйгөйдү курчутат. Сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн адистер  эсептегичтерди  орното баштады.

Эсептегичтерди орнотуу шаардын Туран аймагынан башталды. Мындагы тургундар жабдыктардын коюлуп жатышын максаттуу дешет. Анткени алар буга чейин жер үйлөрдө жашап, таза суу үчүн 19-20 сомдон беришсе, эми иштеткенине карап акча төлөшөт.

“Биз буга чейин таза сууга ар бир айда адам башына 20 сомдон  төлөп келгенбиз. Кээ бир үйдө 10го жакын адам жашайт. Мындайда бир айлык төлөм 200 сомдон ашып кетет. Эми эсептегичтердин жардамы менен сууну иштеткенибизге карап, акчасы чыгат экен. Бир күн иштеттик эле 5 сом болду. Айрым учурда көп, кээде аз иштетсек акчасы аз эле болот го”,-дейт Туран аймагынын тургуну Мавлюда Исакова.

Электрондук эсептегич абоненттин канча суу иштеткенин эсептеп, базага маалымат жеткирип турат. Суунун куб метри 5 сом 42 тыйындан эсептелинет. Базага түшкөн маалымат боюнча көзөмөлдөөчүлөр абоненттерден акча чогулта беришет.

Ош шаардык суу канал ишканасынын директорунун орун басары Таалайбек Кожоевдин айтымында шаарда суу тартыштыгы өзгөчө жай мезгилинде күч алат. Анткени шаардын четки аймактарында таза сууну эгиндерге да пайдаланган учурлар болот. Ичүүчү сууга муктаж аймактарды да камсыздоо үчүн эсептегичтер орнотулуп жатат. Өткөн жылы Туран аймагына сыноо иретинде коюлуп, ал натыйжалуу болду. Мындан улам аппараттарды орнотуу колго алына баштады. Жабдыктарды алууга Европа өнүктүрүү банкы каржылык колдоо көрсөтүүдө. Туранга жалпы үч миңге жакын аппарат орнотулса, аталган банк 1 млн 788 мин сом бөлүп берди.

Азыркы убакта  жер үйдө жашагандардан сууга деп 19-20 сомдон, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөгүлөр киши башына 37 сомдон акча алышат. Көп кабаттуу үйдө беш адамдан көп жашагандар болсо айына баа 200 сомго жакындайт. Бул маселе тургундарга кошумча чыгаша алып келээрин белгилеп келишет. Суу чарба башкармалыгы көп кабаттуу үйдө жашаган тургундардын көйгөйүн чечүү үчүн аларга да эсептегичтерди орнотууну пландап жатышат.

“Аппараттарды орнотууда долбоор менен иштеп жатабыз. Биринчисинде Туранга коюлса, кийинкиде “Манас-Ата” жана “Курманжан Датка” аймагындагы көп кабаттуу үйлөргө коюлат. Ага дагы Европа өнүктүрүү банкы каржылык колдоо көрсөтөт. Долбоор башталганда кийин баасы анык болот”,-деп белгиледи шаардык суу чарба башкармалыгынын адиси Талант Байкишиев.

Таза сууга болгон бааны аныктоо жана суу тартыштыгын жоюу макстанында Ош облусунда да эсептегичтерди орнотуу пландалууда. “Таза –Суу” департаментинин түштүк аймагы боюнча башчысы Сайпидин Момуновдун айтымында облус боюнча таза сууга өздүк нарк бекитилет. Бул үчүн ар бир үйгө суу эсептегичтер орнотулат. Бул кадам ичүүчү сууга болгон тарифтер боюнча түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу үчүн уюштурулуп жатат. Бул жаатта департамент долбоорлор менен иш алып барууда. Демөөрчүлөр табылган соң, облустагы ар бир үйгө  эсептегичтер орнотулат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.