
Бул тууралуу Ош шаардык суу чарба башкармалыгы кабарлады. Ага ылайык, 24-октябр саат:24:00 дөн баштап, 26-октябрь саат 24:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.
“Күзгү профилактикалык ремонттоо иштерине байланыштуу 24-октябр саат:24:00 дөн баштап, 26-октябрь саат 24:00гө чейин Ош шаарынын “Курманжан -Датка”, “Манас-Ата”, “Туран” аймактык кеңештеринен, “Достук” кичи районунан жана “Калинин” массивинен башка аймактарына таза суу берүү токтотулат”, – деп айтылат маалыматта.
Суу чарба башкармалыгы шаардыктарга ушул убакытка жете турган сууну камдап алууну эскертет.
Белгилей кетсек, Ош шаарында ар жылы жаз, күз мезгилинде ичүүчү суу токтотулуп, оңдоо иштери жүрүгүзүлөт.
- 18.10.2017