
Ош шаарынын Исхак Масалиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында, жылуулук өтүүчү түтүктөн 25-30 жаштардагы эркек кишинин денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Авазбек Айтиев “Ынтымакка” кабарлады.
Ал туруктуу жашаган жери жок, селсаяк болгон деп божомолдонуп жатат.
“Окуя 16-декабрда болгон. Жылуулук өтүүчү түтүктүн жанынан азият улутундагы эркек кишинин сөөгү табылган. Ал түтүктө жылынып жаткан боюнча каза болгон. Куткаруучулар маркумду чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, – дейт Авазбек Айтиев.
Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Ошто селсаяктар жата турган атайын баш калка жок. Ошондуктан жыл сайын кышта 10го жакын үй-жайсыз жаран каза болот. Бишкек шаарында мэрия ачкан төрт баш калкада азыр 200дөй селсаяк жашап жатат. Ушундай эле баш паанек Жалал-Абад облусунда дагы бар.
- 18.12.2017