Ошто суу берүү убактылуу токтотулат

Ош шаарында таза суу берүү эки күнгө токтотулат. Ичүүчү суу 25инен 26сына караган түнү 00:00дө өчүрүлүп 27-апрель түнү кайра берилет.

Шаардык суу чарба башкармалыгы жазгы прафилактикалык жумуштарга байланыштуу ичүүчү сууну 48 саатка үзгүлтүккө учуратарын кабарлады. Андыктан шаар тургундары 2 күнгө ылайыкташтырып суу камдап алуусу зарыл.

Эгер суу алууга үлгүрбөй калган учурлар болсо, суу ташуучу унаа ишке кирет. Ал өтө муктаж аймактарды суу менен камсыздап турат.

Эске салсак, Ош шаарында жыл сайын жаз жана күз мезгилдеринде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.