Ошто Сулайман-Тоо музейинин 70 жылдыгы белгиленет

29-мартта Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей комплексинин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы жана ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине киргизилгендигинин 10 жылдыгы  белгиленет. Бул тууралуу “Ынтымакка” аталган музейдин жетекчиси Султан Абдыракманов билдирди.

Анын айтымында,  саамалыкка карата “Музейдеги археологиялык табылгалар” аттуу көргөзмө уюштурулуп, анда өлкөнүн түштүгүнөн табылган коло доорунан баштап, 20-кылымга чейинки доорго таандык буюмдар коюлат.

Иш чарага коңшу Өзбекстандан тарых жана маданият мамлекеттик музейлеринен делегаттардын келүүсү күтүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.