
Ош шаарында студенттер өздөрү жасаган буюмдардын көргөзмөсүн уюштурушту. Анда кыздар чакан токулмаларын, балдар болсо колдонулуп жаткан техникалардын электрондук жасалгаларын, дизайнерлик багыттагы буюмдарды алып чыгышты.
Жаштардын эмгектерин даңазалаган көргөзмө Ош гуманитардык педагогикалык институтунда өттү. Анда жалпы 50дөн ашуун студенттердин эмгектери коюлду.
Катышуучулардын эмгегин атайын түзүлгөн калыстар тобу карап чыгып, жеңүүчүлөргө “Кыл калем”, “Ийкемдүү кол”, “Чебер кол” жана “Жети түс” сыяктуу наамдары ыйгарышты. Мыктыларына баалуу белектер берилди.
- 20.04.2017