Ошто сөөк коюуудагы ашыкча чыгымдар тыкыр текшерилүүдө

Кара-Суунун Кенжекул айылында январь айынан тартып, өлүм-житимде сарпталуучу ашыкча чыгымдарга чектөө киргизилип, иштей баштады.  Аны демилгечи тарап тыкыр текшерүүдө. Бул тууралуу “Ынтымакка” демилгечи Сапар Досонов өзү билдирди. 

“Айылыбызда өлүм-житимдерди катуу көзөмөл кылып жатабыз. Демилгени айылда жыйын өткөрүп сунуштадык. Көпчүлүктөн колдоо таап ишке ашырылып жатат. Айыл өкмөт да  колдоп, көмөк көрсөтүүдө,”-деди Досонов.

Кенжекул айылында жалпы  430 кожолук бар, ал эми калкынын саны 3300 жакын. Демилгечинин айтымында, чектөө киргизүүнүн максаты керексиз чыгымдарды жок кылуу болуп эсептелет.

Кенжекул айылында мркумду узатуудагы тыюуулар:

  • Адам каза болгон үйдө алыс жакындан келгендер үчүн 1 майда жандык (кой) союлуп, 10 кг гуруч жумшалсын.
  • Маркумдун жакындарына кийим кийгизүүгө тыюуу салынат (костюм, желек, калпак, койнок, жоолук).
  • 63 жаштан өткөн тургундарга гана дастаркондон даам татууга уруксат.
  • 63 жашка чейинкилер куран окуп, жаназага бара беришет. Дастаркондор даам татууга тыюуу салынат.
  • Казан башында кызмат кылгандардын саны чектелүү болсун.
  • Маркумдун ар бейшембелиги өткөрүлбөйт жандык союлбайт.
  • Маркумдун 40-күндүгү өткөрүлбөйт.
  • Маркумдун жылдыгы өз туугандары менен гана өткөрүлсүн.
  • Маркумдун ар бейшембилигинде, кыркында, жылдыгында себет алып келүүгө тыюуу салынсын.
  • Ак кийди кийимдерди кийууго тыюуу салынсын. Анын ордуна акчалар жардам берсин.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.