
Бүгүн, 15-февралда Ош шаарында советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы белгиленип, ардагерлер сыйланды.
Иш чарага, Ош шаарынын вице-мэри, шаардык кеңештин депутаттары жана Ооган согушунун ардагерлери катышты. Майрамдык иш чаранын жүрүшүндө ардагерлерге алкыш баракчалар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Кайтпай калган жоокерлердин жакындарына да материалдык жардам көрсөтүлдү.
Маалым болгондой, 1983-жылдан тарта Ооган согушунун катышуучуларына 6 миң сомдон жөлөк пул бериле баштаган. Советтер Союз кулагандан кийин да бул жардам сакталып калган. Азыркы тапта, ар бир ардагерге ай сайын 6 миң сомдон, майып болгондорго 7 миң сомдон жөлөк пул берилип турат. Кайтпай калган жоокерлердин үй-бүлөсүнө 1000 сомдон жардам көрсөтүлөт.
Учурда калаада 396 ардагер бар. Жалпысынан Ооган согушуна Ош облусунан 4,5 миң жоокер кеткен.
- 15.02.2019