
Ош шаарында вице-мэр Жасур Азимовдун кабылдамасында “Нур ТВ” телеканалынын оператору Темирлан Эрнес уулу сабалды. Бул тууралуу каналдын редактору Мээрим Абдиллажанова билдирди.
Анын айтымында, телеканалдын журналисти Рыспай Мажит уулу менен оператору Темирлан Эрнес уулу вице-мэр Жасур Азимовдон маалымат алганы барышкан.
Кезек күтүп турушканда Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун тууганы делген Баялы аттуу жаран менен чырдаша кетишкен.
Натыйжада Темирлан Эрнес уулунун оозу жырылып кеткен. Учурда ал медициналык кароодон өтүп жатат. Шаардык милиция окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов тууганы көп экенин айтып, күнөө эки тараптан тең эле кеткенин айтты.
- 28.02.2022