Ошто мыйзамсыз коюлган гараждар алынууда

Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына ыңгайсыздык жараткан, эч кандай уруксат кагаздары жок, мыйзамсыз коюлган гараждар алынууда. 

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай иш аракеттер Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменти тарабынан жүргүзүлүүдө.

Аталган департаменттин жетекчиси Таймураз Исакжановдун айтымында шаардын бардык аймагында текшерүүлөр жүрүп, мыйзамсыз коюлган гараждарды алып салуу иштери уланат.

Эске салсак, буга чейин Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы авто гараждар алынып, ордуна заманбап үлгүдөгү акы алынуучу унаа жайлар курулаары айтылган. Калаа башчынын тапшырмасы менен бул ишти аткаруу дагы Ош шаардык мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу департаментине милдеттендирилген болчу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.