Ошто муктаж үй-бүлөлөр үчүн акысыз дүкөн ачылды

Ош шаарында алгачкы жолу акысыз дүкөн ишке кирди. Ал “Хадия” деп аталып, муктаждарга кийим-кече акысыз берилүүдө. Дүкөн Ош шаарынын Амир-Темур аймактык кеңешинде жайгашкан.

Мындагы буюмдарды аймактык кеңештин тургундары өздөрү чогултуп, социалдык абалы начарларга таратууну пландашкан. Ал эми мүмкүнчүлүгү барлар башкаларга зарыл болгон жардамдарын жиберүүгө шарт бар.

3 күндөн бери жакыр үй-бүлөлөр, ошондой эле төрөт үйлөрү кийим-кече менен камсыздалды.

Алдыда демилгечилер комиссия түзүшүп, шаар ичиндеги үй-бүлөлөрдөн кайсынысы эмнеге муктаждыгын аныктап чыгышат. Кийин ошого жараша кийим кече же тамак-аш жагынан жардам берилет. Ошондой эле миграцияда жүргөндөрдүн балдарынан кабар алып туруу пландалууда.

Эми кайрымдуулук дүкөнү үй тиричилик техникалары менен толукталат. Бул аракеттер “Мүмкүнчүлүгүң болсо ил, муктаж болсоң ал” деген ураандын астында жүрүүдө. Кошумчалай кетсек, буга чейин Ош шаарында кайрымдуулук текчеси уюштурулуп,анда  каалочу жарандар кийимдерин текчелерге илип кетишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.