Ошто мигранттардын укуктары боюнча маселе талкууланды

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары көбүнчө өз укуктарын пайдалана албайт. Бул бүгүн Ош шаарында мигранттардын укуктарын талкуулаган маалымат жыйында айтылды.

Ага Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен, Тажикстан ,Орусия жана Казакстан мамлекеттеринин тиешелүү кызмат өкүлдөрү катышышты.

Анда мигранттар укуктарын так билбегени үчүн аны коргой албай жатканы айтылды. Бүгүнкү талкуудан кийин миграция маселеси эл аралык денгээлде талкууланат.

Анда мигранттарга кандай жардам берүү керек, аларга көмөк көрсөтүүдөгү  мамлекеттик кызматтардын ролу каралат.

Сүрөт: zt16.ru

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.