
Ош шаарында “Элим барсыңбы кайрымдуулук” фонду “Мээримдүү тыйын”акциясын уюштурду. Акцияда шаардын тургундары кутуларга мүмкүнчүлүктөрүнүн барынча акча салып кетишти.
“Эми чогулган каражат оор операция талап кылынган жарандарга жумшалат. Иш-чаранын максаты-тагдырдын сыноосуна кабылгандарга жардам берүү”,-дейт фонддун мүчөлөрү.
Белгилей кетсек, “Мээримдүү тыйын” акциясы ар алты ай сайын уюштурулуп турат. Ал эми быйыл Ош шаарында төртүнчү ирет өткөрүлүүдө.
- 23.03.2017