Ошто консерваланаган азыктан бир адам ууланды

Ош шаарында консерваланаган азыктан бир адам ууланып, ооруканага түштү. Анын жакындары жабыркаганы тууралуу аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” шаардык санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө инспекциясынын бөлүм башчысы Сейит Курбаназаров билдирди.

“Ууланган адам ооруканада. Дарыгерлер анын абалын жана жабыркаган тургундун жакындарын тактап жатышат. Аныктоо иштеринен кийин гана канча адам жабыркаганы анык болот”,-деп белгиледи Курбаназаров.

Дарыгерлер тургундар үй шартында даярдалган консерваланган азыктарды колдонууда сак болуу зарылдыгын белгилешет. Ошондой эле мөмө жемиштерди өз алдынча даярдоодо санитардык эрежелердин сакталуусу зарыл экенин эскертишет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.