
Бүгүн, 27-июлда, Ош шаарында каналга 3 адам чөгүп кетип, анын бирөөсү аман калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматтан белгилүү болгондой, ӨКМдин кызматкерлерине Ош облусунун Төлөйкөн айыл аймагынын Мамакеев санаториясынын тегерегинде Ош-Араван каналына 3 аял сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 13:15те 4 куткаруучу тартылган. Алар жеткенге чейин 2 аялдын жансыз денеси чыгарылып, ал эми 2006-жылы туулган өспүрүм кызды куткаруучулар куткарып калышты.
- 27.07.2021