Ошто калем саптын капкагын жутуп алган окуучу ооруканага жетпей каза болду

Ошто калем саптын капкагын жутуп алган 1-класстын окуучусу ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 26-январь күнү болжол менен саат 16:30да Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүн 2015-жылы туулган жашоочусу өзү окуган мектепте сабакта калем саптын капкагын оозуна салып ойноп жатып, капыстан жутуп алган. Натыйжада дем алуусу кыйындап, Ош шаардык клиникалык ооруканасына жетпей каза болгон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.