Ошто көчөдө сатылып саткан сүт азыктарына көзөмөл жүрүүдө

Ош шаарындагы көчө четинде сатылып жаткан сүт азыктарын текшерүүгө алып жатышат. Анда бир катар көчөлөрдө соодасын жүргүзүп жаткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

“Сүт азыктарын көчө четинде олтуруп алып сатуу мүмкүн эмес. Соодагерлерди бул жерден көчүрүүгө каршы болушат. Бирок ар бир райондун өзүндө соода жайлары бар. Ошол жакта соодасын улантышса болот”,-деп белгиледи Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Кумарбек Исаков.

Мекеме адистери кошумчалагандай, алдыда дагы көзөмөлгө алуу иштери улантылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.