
Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылында турак үйдөн өрт чыгып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 09:28де чектөөгө алынган.
Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы жана 1982-жылы туулган 2 аял, 2009-жылы жана 2019-жылы туулган 2 жаш бала каза болгон.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
- 27.12.2021