Ошто үй-бүлөлөрдү спортко чакырган иш чара уюштурулду

Ош шаарында үй-бүлөлүк чуркоо уюштурулду. Жарыштын шарты боюнча катышуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө карай бөлүнүп чуркашты. Бул тууралуу уюштуруучу “ИНСТРИМ” коомдук фондунан билдиришти.

“Биздин женил атлетика боюнча спорттук иш чарабызга каалоочу үй-бүлөлөр келип катышты. Максатыбыз сергек жашоону түзүүгө багытталган. Катышуучулардын жашы чектелген жок. Эки жаштан баштап, 50 жашка чейинкилер чуркашып, мелдеште өздөрүн сынап көрүштү”,-деп белгилешти уюштуруучулар.

Жарыштын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. “ИНСТРИМ” коомдук фонду бул сыяктуу иш чараларды жыл сайын уюштуруп турат, катышуу акысыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.