Ошто ипотекалык негиздеги көп кабаттуу үйдүн курулушу мартта башталат

Бүгүн, 15-январь Ош шаарык мэриясы тарабынан  ипотекалык негизде курулуучу көп кабаттуу үйдүн эскиздик долбоору бүттү. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн Турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция, инновациялык технологиялар фондунун директору Кутманаалы Абдрахманов билдирди.

Маалыматка ылайык көп кабаттуу үй 9 кабат болуп, атайын унаа токтотуучу жайы менен салынат. Ал эми курулушу ушул жылдын март айында башталаары болжолдонууда.

“Долбоорго ылайык 81 батир болуусу пландалууда. Көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө 40 орунга ылайыктуу автоунаа токтомосу болот. Биз буга чейин үйлөрдүн квадрат метрин 450 долларга чейин саткан болсок, бул ирет калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен баасы 350 долларга чейин түшүрүлдү”- деди Абдрахманов.

Учурда Ош шаарында турак жай алуу үчүн кезек күткөндөрдүн саны 6 миңдин тегерегинде.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.